Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-апрели №-21-3
Т.Зулпуев атындагы айылдык округунда 2011-жылга салыктын киреше бөлүмүндө айрым жыйымдардын өлчөмүн белгилөө жана өзгөчө кырдаалдар учурунда тамарка салыгынан жеңилдиктерди берүү ошондой эле салык жыйноодогу налогдун коэффициенттик бирдигин бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев айылдык кеңеши жогорудагы маселени карап жана талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл округунун аймагында жашагандардан таштанды ташып чыгуу үчүн ар бир түтүнгө 50 сомдон, ал эми айыл округунун аймагындагы иштеп жаткан ишканалардын жумушчулары үчүн ар бирине 100 сомдон жыйымдын өлчөмдөрү белгиленсин.
2. Салык кодексинин №339-беренесинин 4-пунктунун негизинде айыл округунун аймагындагы айыл чарбасына арналбаган (несельхоз) жер салыгынын жана "мүлк" салыгынын коэфициенттери 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.'
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жана ФЭБ башчысына жүктөлсүн
Т.3улпуев айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |