Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-апрели №-21-4
Т.Зулпуев атындагы айылдык округундагы жергиликтүү инвестициялык бирикмесинин 2011-жылдагы социалдык өнүгүү стратегиясынын планын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Т.Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун Жергиликтүү инвестициялык бирикмесинин социалдык өнүгүү стратегиялык планы бекитилсин.
2. Ушул жогорудагы жергиликтүү инвестициялык бирикмесинин 2011-жылдагы социалдык стратегиялык планынын аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү инвестициялык комитетинин төрайымы А.Айтматовага милдеттендирилсин. (стратегиялык план тиркелет)
Т.3улпуев айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Султанов |