Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16 майы №-22-1
Жоопкерчилиги чектелген "Айдоочу" коомунун Т.Зулпуев айылдык округуна берген арызынын негизинде кум карьерин убактылуу пайдалануу жөнүндө
Жоопкерчилиги чектелген "Айдоочу" коомунун Т.Зулпуев айылдык округуна берген арызынын негизинде кум карьерин убактылуу пайдалануу жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Т.Зулпуев атындагы айылдык округдук кеңеши Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 7-13-28 беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев айылдык округунун 2011-жылдын 14-майдагы №66 жоопкерчилиги чектелген "Айдоочу" коомуна айылдык округдун аймагындагы Калта-Кыркол бөлүмүнөн кум карьерин ачып убактылуу пайдалануу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
2. Жоопкерчилиги чектелген "Айдоочу" коомуна айылдык округдун аймагындагы Калта-Кыркол бөлүмүнөн 50га жер кум карьери үчүн 20 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдалануу үчүн айыл округу менен ижара келишим түзүлүп анын негизинде ажыратылып берилсин.
3. Карьер үчүн берилген жер аянтына сарамжалдуу пайдаланып жер салыктарын ижара акыларын ошондой эле келишимде көрсөтүлгөн төлөмдөрдү өз убагында төлөп туруу жаты жана жерди иштетип бүткөндөн кийин рекультивация иштерин жүргүзүп ээсине тапшыруу жагы «Айдоочу» жоопкерчилиги чектелген коомуна милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы ажыратылып берилген жер аянтына тийиштүү юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жаты Ноокат райондук мамкаттоо башкармасынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаты айыл округунун жер боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.3улпуев айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |