Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11 июну №-23-1
Т.Зулпуев атындагы айылдык округунда айылды инвестициялоо долбоору жүрүп жаткандыгына байланыштуу өздүк салымга акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айылдык округунда арык-каналдарды, БАМ каналын ачып тазалоо иштери үчүн көпчүлүк мезгилде бульдозер-трактордон кыйналып жаткандыктан АРИС программасына кирип, акча ажыратып жана муктаждыктарды эске алып, айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун кеңеши 2011-жылдын бюджетине каралган акчанын эсебинен коомчулуктун салымы үчүн ст. 704 ст 22156900 170,0 м.сом, ст. 706 ст.25121100-150,0 м сом бардыгы 320,0 м. сом өздүк салым.үчүн которуп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т. 3улпуев айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |