Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11 июну №-23-2
(Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун Кара-Кой бөлүмүндөгү тургундарына реформа учурунда турак-жай жайгашкан жана үлүш айдоо жерлери айылдык округ тарабынан берилип, азыркы күндө жердин балансасы боюнча Кыргыз-Ата мамлекеттик Улуттук жаратылыш паркында тургандыгына байланыштуу, эки тараптын макулдашуусунун негизинде Кыргыз-Ата мамлекеттик Улуттук жаратылыш паркында турган 43,45 га жарди айылдык округдун балансасына өткөрүү жөнүндө сунушту карап жана талкуулап айылдык кеңеши)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун Кара-Кой бөлүмүндөгү тургундарына реформа учурунда турак-жай жайгашкан жана үлүш айдоо жерлери айылдык округ тарабынан берилип, азыркы күндө жердин балансасы боюнча Кыргыз-Ата мамлекеттик Улуттук жаратылыш паркында тургандыгына байланыштуу, эки тараптын макулдашуусунун негизинде Кыргыз-Ата мамлекеттик Улуттук жаратылыш паркында турган 43,45 га жерди айылдык округдун балансасына өткөрүү жөнүндө сунушу бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата мамлекеттик Улуттук жаратылыш паркынын балансасында турган 43,45 га жерди айылдык округдун балансасына өткөрүү боюнча документерин даярдап жогорку органдарга тапшыруу айылдык округдун жер адиси Р.Арыковго тапшырылсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин "Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо" боюнча-туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.3улпуев айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Султанов |