Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18 августу №25-1
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин 2011-жыл 11-августундагы №01-9ү47 буйругунун негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык округдук кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгүртүүлөрдү киргизүү маселесин карап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин төртүнчү чакырылышын 1-сессиясынын 2008-жылдын 14-октябрында №1-1токтомунун негизинде кабыл алынган регламентине төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
v-Бөлүк
«Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо»
9-ГЛАВА:
«Айылдык кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлерди көрсөтүү тартиби.»
9-1,1 "Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким тарабынан сунушталуучу таларкердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат."
9-1,2 Айылдык кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына көрсөтүлгөн талапкер шайлоо мөөнөтү белгиленген күндөн тартып 5 күндөн кечиктирилбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүдөй документтерди көрөтүүсү зарыл:
-Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерди көрсөтүү жөнүндө айылдык кеңешинин чечими,
-Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына көрсөтүлгөн талапкердин макулдук каты,
-Талапкердин өмүр баяны,
-Кадрларды учетко алуу боюнча өздүк баракчасы (сүрөтү менен),
-Соттолбогондугу тууралуу маалымдама,
-Эмгек китепчесинин нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү,
-Жогорку билими тууралуу дипломдун нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү.
-Талапкер жөнүндө маалымкат.
9-1,3 Айылдык кеңештин депутаттары (депутаты) айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерди көрсөтүү укугуна ээ.
Айылдык кеңештин депутаттары (депутаты айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына бир гана талапкерди көрсөтүү укугуна ээ.)
9-1,4 Айылдык округунун башчысын шайлоо Президент тарабынан дайындалат.
Айылдык округдардын башчыларын шайлоону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бергиленет.
9-1,5 Айыл округдун башчысын шайлоого тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутататарынын жалпы санын кеминде үчтөн экиси катышса, шайло болуп өттү деп эсептелет.Тийиштүү кеңештин депутаттарынын жалпы санын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды эсептелет.
9-1,6 айылдык кеңештин депутаттары айылдык округунун башчысын шайлабай койгон учурда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими айылдык Округдун кеңешинин кайталап ошол эле же башка талапкерди сунуш кылууга укуктуу.
9-1,7 Жергиликтүү кеңештин депутаттары айылдык округдун башчысын кайрадан шайлабай койгон учурда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору менен макулдашуу боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Президентке өтүнүч билдирет.
9-1,8 Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп саналган адам айылдык округдун башчысы болуп шайланган учурда,ал жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотууга милдеттүү.
9-1,9 Айылдык округдун башчысынын кызмат ордуна жогорку билими, мамлекеттик же муниципиалдык кызматта кеминде эки жылдык иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу жараны талапкер боло алат.
Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолуучу мыйзамда белгиленген тартипке жоюлбаган же алып салынбаган Кыргыз Республикасынын жараны айылдык округдун башчысы болуп шайлана алат.
9-1,20 Айылдык округдун башчысына айылдык округдун кеңешинин депутаттары ишеним көрсөтпөгөн учурда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими аны ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же жергиликтүү кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу.
9-1,21 Айылдык округдун башчысына айылдык округдун кеңешинин депутатары кайталап ишеним көрсөтпөгөн учурда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими аны ээлеген кызматынан бошотот жана айылдык округдун башчысын жаңыдан шайлоону дайындоо жөнүндө Президентке өтүнүч берет.
9-1,22 Айылдык округдун кызматы башчысынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, жаңы башчы шайланганга чейин анын милдетин айылдык округдун башчысынын орун басары аткарат.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округунун жоопту катчысынын милдетин аткаруучу ү.Бакиевге жүктөлсүн.
Т.3улпуев айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Султанов |