Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-декабры №29-1
Т. Зулпуев атындагы айылдык округунун аймагындагы "Кыркол" участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак айдоо жерлерин бир аймактан экинчи аймакка өткөрүү жөнүндө
Айылдык округдун аймагындагы "Кыркол" участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондундагы кайрак айдоо жерлердин мал жайыттарга жакын болуп, жердин таштактыгынан, каткаландыгынан сапаты начар болгондугунан эгилген эгинге кеткен чыгымдарды актабагандыгынан ижарага алуучулар ижарага алуудан баш тартып жаткандыгынан жерлерди бир аймактан экинчи бир аймакка өткөрүү жөнүндөгү Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун сунушун карап жана талкуулап Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округдун аймагындагы "Кыркол" участкасындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планында көрсөтүлгөн 1181-контурундагы аянты 1,10 га кайрак айдоо, жана 1184-контурундагы аянты 4,40 га кайрак айдоо жер участоктору сары аймактан күрөң аймакка өткөрүлсүн.
2. Жогорудагы айтылган жер участоктору түз берүү жолу менен ижарага берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Т. Зулпуев атындагы айылдык округунун жер комиссиясына тапшырылсьш.
Т.3улпуев айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |