Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-декабры №-29-3
Ош облустук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 17-сентябрындагы №960-6 жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын №286-6 буйругун турмушка ашыруу максатында райондун аймагында токой системасын сактап калуу токойлордун массалык кыюлуусуна бөгөт коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Токой" беренесинин талаптарына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин 2011-жылдын 25-августундагы №1-13ү223 буйругуна, ушул убакытта кабыл алынган Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 17-сентябрына №960-6 буйругуна жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 29-октябрындагы №286-6 буйругуна ылайык айылдык округдун аймагындагы токой эко системасын сактап калуу, токойлордун массалык кыюлуусуна жол бербөө, жергиликтүү калктын отун продукциясына болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчун айылдык округдун аймагында Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айылдык округунун аймагында тез жетилүүчү терек, каратал көчөттөрүн жол боюна арык, канал жээктерине, үлүш жана там арык жээктерине жана плантация тибинде олтургузууну уюштуруу боюнча иштелип чыккан Т.Зулпуев айыл округдун тийиштүү иш-чара пландары бекитилсин.
2. Т.Зулпуев айылдык округдун калкынын 1 (бир) жылдык ишке жарамдуу жана отундук продукцияга болгон муктаждыктарынын эсеби жана 2012-жылдын жаз айларына отургузула турган тез жетилүүчү тал жана кара-тал көчөттөрүнүн өлчөмү (саны) тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Т.Зулпуев айыл округунун башчысы З.Төрөжановго, айыл башчыларына жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун Кеңешинин экология, жаратылыш ресурстары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын райондук Кеңешинен суралсын.
Т.3улпуев айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Султанов |