Загрузка документа…
ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-июлу № 20-1
Гулистан айылдык округунун 2011-жылдын I-жарым жылдыктагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жана II -жарым жылдыктагы милдеттери жөнүндө
Гулистан айылдык округунун 2011-2013-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2011-жылдын I-жарым жылдыкта аткарылган иштерди депутаттардын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясында көрүп чыкылды.Айылдык округунун тармактар боюнча негизги көрсөткүчтөрү аткарылгандыгы жергиликтүү бюджетты киреше булактарын кобөйтүү боюнча сезилерлик даражада иш жүргүзүлгөндүгү белгиленет. Бирок ушуну менен биргеликте өнөр жай кичик жана орто ишмердүүлүк жергиликтүү бюджетти киреше булактарынын негизги тармактары болушу керек.Айылдык округу жеке ишкерлерге иштөө үчүн шарт түзүп берүүдө, кредиттер, гранттарды алууда көмөк көрсөтүүсү, укуктарын коргоо маселелеринде жардам көрсөтүү керек. Депутаттардын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын заседаниесинде тийиштүү адистер жана мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен каралып, такталып, туруктуу комиссия тарабынан түзөтүүлөрдүн негизинде депутаттардын Гулистан айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылдык округунун 2011-жылдын I-жарым жылдыкта социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде аткарылган иштерде кемчиликтерин белгилөө менен канааттандырарлык деп белгиленсин .
2. Айылдык округуна:
-Айылдык округунун 2011-жылдын П-жарым жылдык социалдык-экономикалык өнүгүү багытында болжолдолгон план тапшырмаларын сөзсүз аткаруу жана жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын көбөйтү тапшырылсын - Чет элдик донордук уюмдар менен иштөөдө айылдык округунун социалдык инфраструктураларын ондоо, билим берүү тармагынын материалдык-техникалык базасын чындоо, экономикалык тармакты өнүктүрүү багытында иш жүргүзүү тапшырылсын
3. Экинчи жарым жылдыкта билим берүү тармагын жацы окуу жылына даярдоо боюнча жергиликтүү бюджеттен ажыратылган акча каражаты 2011 -жылдын III-кварталында сөзсүз камсыздалсын
4. Айылдык округуна:
2011 -жылдын П-жарым жылдыгына айылдык округунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген социалдык инфраструктураларды ондоо долбоорлорун аткарылышыны жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен пландаштырылган акча каражатын камсыз кылуу тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Гулистан айылдык округунун кеңешийин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Депутаттардын Гулистан айылдык округунун кеңешинин төрагасы | М.Абдурахимов
|