Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-июлу № 20-5
Гулистан айылдык округунун Кара-Кой бөлүмүндөгү тургундарына реформа учурунда турак-жай жайгашкан жана үлүш айдоо жерлери айылдык округ тарабынан берилип, азыркы күндө жердин балансасы боюнча Кыргыз-Ата мамлекеттик Улуттук жаратылыш паркында тургандыгына байланыштуу, эки тараптын макулдашуусунун негизинде, Кыргыз-Ата мамлекеттик Улуттук жаратылыш паркында турган 45,33 га жерди айылдык округдун балансасына өткөрүү жөнүндөгү сунушту карап жана талкуулап айылдык кеңеши
Гулистан айылдык кеңешини
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Гулистан айылдык округунун Кара-Кой бөлүмүндөгү тургундарына, реформа учурунда турак-жай жайгашкан жана үлүш айдоо жерлери айылдык округ тарабынан берилип, азыркы күндө жердин балансасы боюнча Кыргыз-Ата мамлекеттик Улуттук жаратылыш паркында тургандыгына байланыштуу, эки тараптын макулдашуусунун негизинде, Кыргыз-Ата мамлекеттик Улуттук жаратылыш паркында турган 45,33 га жерди айылдык округдун балансасына өткөрүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин.
Кыргыз-Ата мамлекеттик Улуттук жаратылыш паркынын балансасында турган 43,45 га жерди айылдык округдун балансасына өткөрүү боюнча документерин даярдап жогорку органдарга тапшыруу айылдык округдун жер адиси А. Тажимаматовго тапшырылсын.
Ушул токтомду бекитип берүү жагы Депутаттардын Ноокат райондук кенешинен суралсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айылдык кенешинин "Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахимов
|