Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-июлу № 21-1
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү боюнча Гулистан айылдык округунун аймагындагы участкалак шайлоо коммисияларына көрсөтүлгөн талапкерлер жөнундөгу маалыматтарды жана чогулуштардын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Азыркы учурда бүтүндөй республика боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн көрсөтүү процесси жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун негизги иш-чараларынын календардык планына ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 10 августунда аяктайт.
Гулистан айылдык округунун аймагында уюшулган 5 участкалык шайлоо комиссияларына талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясый партиялардан, коомдук уюмдардын жана шайлоочулардын чогулуштарынан участкалык шайлоо комиссияларына талапкер көрсөтүү жөнүндөгү чогулуштардын протоколдору жана талапкерлер жөнүндөгү маалыматтар кабыл алынды жана айылдык кенештин туруктуу комиссиясы тарабынан үйрөнүп чыгылды.
Кун тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айылдык кеңешинин кезексиз XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Гулистан айылдык кецешинин аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндөгү маалыматтар жана чогулуштардын протоколдору бекитилсин.
2.Участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитип берүү Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Гулистан айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
М.Абдурахимов |
Катчысы | И.Ташматов
|