Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу № 21-2
Кыргыз республикасынын эгемдендүүлүгүн 20-жылдыгьш татыктуу тосуп алуу , 20-жылдыкка 20 социалдык объектти ишке киргизүү демилгесини колдоо максатында, жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гулистан айылдык округу Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн 20-жылдыгыны татыктуу тосуп алуу үчүн, эл менен биргеликте аймактагы инженердик инфраструктураларды калыбына келтирүү үчүн, өзүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасында жылына 1-км аралыктагы ички жолдорду асфальтоо планга киритилген. Бул масалени чечүү максатында, жамааттар тарабынан ички-тышкы инвестициялардын эсебинен 1,5 млн. сом акча каражаты чогултурулду. Айылдык округу бул демилгени колдоо максатында,өзүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелерин жана чыгашаларын тактап,кээ бир статьялардагы чыгашаларды токтотуп, салыктагы резервтерди аныктап,айылдык окргунун жергиликтүү бюджетине кошумча 250 щщ. сом акча-каражатын чогулушун аныктады. Бул маселени айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы көрүп чыгып, тийиштүү озгөртүулордү жана толуктоолорду киргизип, айылдык Кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округунун 2011-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына 250 мдн. сом кошумча кирешелерди эсепке алып, өзгөртүүлөрдүн негизинде тиркемеге ылайык жергиликтүү бюджеттин сметасы бекитилсин(тиркеме тиркелет)
2. Айылдык округунун 2011-жылдын VI-кварталында жергиликтүү бюджеттин коммуналдык иштер үчүн пландаштырылган акча-каражаты,2011-жылдын III-кварталында каржьшоого уруксат берүү жагы Ноокат райондук финансы бөлүмүнөн суралсын
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсьн
Гулистан айылдык Кенештин төрагасы |
М. Абдурахимов
|