Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-ноябры № 22-4
Гулистан айылдык округунун 2011-жылдагы жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумчо киреше 382,8 мин сомду эсепке алып, 2011-жылдагы жергиликтүү бюджеттин сметасына өзгөртүү киритүү жөнундө
Гулистан айылдык округунун 2011-жылдагы жергиликтүү бюджети 2766,2 мин сомду түзүп, азыркы күндө жергиликтүү бюджетке түшкөн киреше 3149,0 сом болжолдонуудо. Айрымасы 382,8 мин сомду түзөт. Айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы айылдык округунун жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча кирешелер боюнча сметаны көрүп чыгып, тийиштүү өзгөртүүлөрдү киритип,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылдык округунун 2011 -жылдагы жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумчо киреше 382,8 миң сомду эсепке алып, жергиликтүү бюджеттин сметасы өзгөртүүлөрдүн № 1, № 2 тиркемелердин негизинде бекитилсин.
2. Бекитилген жергиликтүү бюджеттин сметасынын негизинде каржылоо айылдык округуна тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Абдурахимов
|