Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-декабры № 23-4
Гулистан айылдык округунун аймагындагы токой экосистемасынын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна бөгөт коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Токой" кодексинин талаптарына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин 2011- жылдын 25- августундагы № 01-13 \ 223-буйругуна , ушул багытта кабыл алынган Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 960-6 буйругуна жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 29- октябрындагы № 286-6 буйругуна ылайык айылдык округдун аймагындагы токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыйылуусуна жол бербөө, жергиликтүү калактын отун прподукциясына болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек жана кара тал дарактарын отургузуу демилгесин колдо максатында Гулистан айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек, кара тал көчөттөрүн жол боюна,
Арык, капал жээктерине, ушул жана там арык жээктерине жана плантация тибинде отургузууну уюштуруу боюнча иштелип чыккан Гулистан айыл округдун тийиштуу иш- чара пландары бекитилсин.
2. Гулистан айылдык округдун калкынын бир жылдык ишке жарамдуу жана отундук продукцияларга болгон муктаждыктарынын эсеби жана 2012-жылдын жаз айларында отургузула турган тез жетилүүчү терек жана кара тал көчөттөрүнүн өлчөмү ( саны ) тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу Гулистан айыл округунун башчысаы Э.Шаназаровго, айыл башчыларына жана токтомдун агкарылышын козомолдоо дагы айылдык округдук кеңешинин экология, жаратылыш ресурстары боюнча турукгуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы, депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
Гулистан айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
М.Абдурахимов
|