Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 03-апрели №5
(« Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттук байланыштын коргоонун жана башка жерлер» категориясына которууну (трансформация ) макулдук берүү)
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,12-беренелерине ,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы №19 токтому менен бекитилген жобонун талаптарына жана өзүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы 17-катына ылыйык Чоң-Алай айылдык округдук Кеңешинин IV чакырылышынын ХIX кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы ченемдик актыларды жетекчиликке алуу менен бирге Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар Министирлиги тарабынан «Кайди» жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген АЕ 1632, АЕ1633 лицензияларында көрсөтүлгөн «Лебобережний Кара-Казык» участкасынан 100га, «Рудное тело» №2 участкасынан 70 га жер аянттары « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттук байланыштын коргоонун жана башка жерлер» категориясына которууну (трансформация ) макулдук берүү менен бирге тийиштүү органдарга сунушталсын.
2. Бардык мыйзам чегинде төлөнүүчү төлөмдөр өз мөөнөтундө төлөө жагы, тийиштүү талап кылынган иш кагаздарды камсыздоо райондук мамлекеттик администрациясы менен келишимдерди түзүү «Кайди» жоопкерчилиги чектелген коомуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлгө алуу жагы пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, айыл чарба боюнча комитетине тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
А. Алипбеков |