Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 03-апрели №9
«Чоң-Алай жаңырыгы» газетасын колдоо жөнүндө
Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Чоң-Алай жаңырыгы» райондук газетасын сактап калуу максатында 2012-жылдагы чыгарылышына көмөк көрсөтүү үчүн жыл ичинде 30000(отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү пландоо бюджет жана экономикалык реформа, айыл чарбасы боюнча комиссиясына милдеттендирилсин
Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
А. Алипбеков |