Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 03-апрели №12
Чоң-Алай айылдык округунун жайыттарынын тышкы чек араларын жана анын аянттарын бекитүү.
Чоң-Алай айылдык округунун жайыттары Кашка-Суу айылдык округу жана Жекенди айылдык округу менен чектешет жана чектешкен участкалар боюнча талашуулар, пикир келишпестиктер жок экендигин көрсөткөн 2012-жылдын «10» февралындагы актыларына ылайык
Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл округунун жайыттарынын сырткы чек аралары Кашка-Суу айылдык округу жана Жекенди айылдык округу менен чектешкен чегаралары бекитилсин
2. Чоң-Алай айылдык округунун жалпы жайыттарынын аянты 63800 гектар.
3. Бул токтомдогу көрсөтүлгөн чек ара жана жайыттардын аянтын макулдашуу жагы Чоң-Алай райондук жайыттардын чек араларын тактоо боюнча комиссиясына сунушталсын.
Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
А. Алипбеков |