Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 06-апрели №1
Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин кезексиз он сегизинчи сессиясы айылдык округдук кеңештин депутаты «Закондуулукту коомдук тартипти, мамлекеттик коргоону сактоо жана улуттар арасындагы маселелер боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы Ноомаев Патидиндин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Чоң-Алай айылдык округдук Кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезексиз он сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык округдук кеңешининде түзүлгөн «Закондуулукту коомдук тартипти, мамлекеттик коргоону сактоо жана улуттар арасындагы маселелер боюнча» туруктуу комисиясынын төрагасы Ноомаев Патидиндин билдирүүсү эске алынсын.
2. Билдирүүдө көрсөтүлгөн сел коркунучтардан участкаларды (Дароот-Коргон көпүрөсү, Дароот-Коргон айылынын тушу,Дара-Суусу менен Кызыл-Суусунун кошулушу, Кара-Кыя участкасы, Жар-Башы, Кулчу, Чак айылдары боюнча) алдын ала мониторинг жүргүзүүчү бөөдө кырсыктарды болтурбоо учүн иш чараларды көрүү айыл округунун башчысы жол.Ж.Жапаровко милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн участкаларга тез аранын ичинде алдын ала жардам берүү жөнүндө райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы «Закондуулукту коомдук тартипти, мамлекеттик коргоону сактоо жана улуттар арасындагы маселелер боюнча» туруктуу комисиясынын төрагасы Ноомаев Патидиндинге милдеттендирилсин.
Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
А. Алипбеков |