Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 06 июлу №1
Чоң-Алай айылдык округунун учурдагы өнүгүү планын баалоо боюнча түзүлгөн жумушчу топтун отчетун бекитүү.
Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык округунун стратегиялык өнүгүү планын баалоо боюнча түзүлгөн жумушчу топтун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Чоң-Алай айылдык округунун 2012-2016-жылдарга өнүгүү планы Чоң-Алай айылдык округунун башчысынын 2012-жылдын 15-майындагы № 42 буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан кайрадан иштелип чыксын.
3. Жумушчу топтун иштөө графиги №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү пландоо бюджет жана экономикалык реформа, айыл чарбасы боюнча коммиссиясына милдеттендирилсин.
Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
А. Алипбеков |