Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-сентябры № 36/1
Социалдык-экономиалык көрсөткүчтөрдүн биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча
Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча А.Жороевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Корул айылдык Кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча А.Жороевдин жүргүзгөн иштери эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө салык жана салык эмес жыйымдарын топтоодо белгиленген пландын жалпы көрсөткүчүнүн толук аткарылышы камсыз кылынсын, 2012-жылдын экинчи жарым жылдыгында коюлган милдеттерди аткаруу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бардык түрлөрү боюнча көрсөткүчтөрдү толтурууну камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М.Бекташовго жүктөлсүн.
Корул айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |