Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-сентябры № 36/2
Айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерди кышка карата даярдоо боюнча
Айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерди кышка карата даярдоо боюнча
А.Жороевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Корул айылдык Кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерди кышка карата даярдоо боюнча А.Жороевдин жүргүзгөн иштери эске алынсын.
2. Үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн айыл өкмөтүндөгү бардык социалдык объектилерди жетишерлүү көмүр менен камсы кылуу 1-Май айылынын айыл башчысы М.Арзиевге, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы У.Абдразаковго, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М.Бекташовго жүктөлсүн
Корул айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |