Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30- майы № 27\1
Мурдаш айылынын «Жол чырак» кенине жол берүү боюнча Мурдаш айылынын жалпы элдик жыйынынын 2012-жылдын 25-майындагы № 11 протоколу жөнүндө.
Мурдаш айылынын «Жол чырак» кенине жол берүү боюнча Мурдаш айылынын жалпы элдик жыйынынын 2012-жылдын 25-майындагы № 11 протоколу боюнча Мурдаш айылынын айыл башчысы Б.Максутбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурдаш айылындагы «Жол чырак» кенине жол беруу боюнча Мурдаш айылынын жалпы элдик жыйынынын 2012-жылдын 25-майындагы № 11 протоколу боюнча Мурдаш айылынын айыл башчысы Б.Максутбаевдин билдирүүсү жетекчиликке алынсын жана аткарылышы камсыздалсын.
2. «Жол чырак» жоопкерчилиги чектелген ишканасына Мурдаш суусун бойлоп 28 км аралыкка Кош-Белге чейин автожол курууга анын ичинен 8 жерге автомашиналар өтүүчү көпүрө курууга уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ленин айылдык округунун кеңешинин төрагасы: |
Н. Матанов
|