Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30- майы № 27\5
Ленин айылдык округунун 2013-2014- 2015-жылдарга бюджеттин долбоорун кабыл алуу жөнүндө"
Ленин айылдык округунун 2013-2014- 2015-жылдарга бюджеттин долбоору боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Боронбаев Курманбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык округунун бюджетинин 2013-жылга кирешелер боюнча долбоору 29470.0 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 29470.0 миң сомго бекитилсин.
2. Ленин айылдык округунун 2014-жылга бюджетинин ткиреше жана чыгаша бөлүгүнүн 30116.8 миң сомго. 2015-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 30785.2 миң сомго бекитилсин.
3. Ленин айылдык округунун атайын каражаттарынын бюджетинин киреше жана бөлүктөрүнүн долбоору 2013-жылга 180.0 миң сомго, 2014-жылга 180.0 миң сомго. 2015- жылга 1 80.0 миң сомго бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык округдун башчысы А.Салиевге милдеттендирилсин.
Ленин айылдык округунун кеңешинин төрагасы: |
Н. Матанов
|