Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30- майы № 27\7
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.05 2012-жылдагы №323 токтомун Ленин айылдык округунда ишке ашыруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.05.2012-жылдагы №323 токтомунун жетекчиликке алып Ленин айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.05.2012-жылдагы №323 токтомун жетекчиликке алынсын
2. Юрист -башкы адисттик 2010-жылдан бери ваканттык орун болуп келгендигине байланыштуу 28.05.2012-жылы №323 токтомунун жобосуна ылайык кирешелер боюнча башкы адисттик кызматы болуп айыл округунун штаттык санына киргизилсин.
3. Жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адистик кызматы № 323-токтомго ылайык 2 (эки) штаттык бирдик болгондугуна байланыштуу 1(бир) шттаттык бирдиги экономика анализ жана статистика боюнча жетектөөчү адис болуп айыл округунун штаттык санына киргизилсин.
4. Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис кызматы жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун негизинде жана бугалтериялык жумуштардын ошондой эле иш кагаздарынын көлөмүнүн көптүгүнө байланыштуу материалдык бугалтер-жетектөөчү адис болуп айыл округунун штаттык санына киргизилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык округунун кеңешинин төрагасы: |
Н. Матанов
|