Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29- июну № 28\6
Ленин айылдык округунун С.Жаанбаев атындагы орто мектебине көрктөндүрүү үчүн жер беруу жөнүндө.
Ленин айылдык округунун Кеңешинин депутаты С.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Жаанбаев атындагы орто мектептин айланасындагы ар кандай ээлеп алган жерлер мектептин балансасына өткөрүлүп, мектепке көрктөндүрүү үчүн берилсин.
2. С.Жаанбаев атындагы орто мектебинин кун-чыгыш тарабынан дарыянын боюнда жайгашкан 50(элуу ) сотых жер мектептин карамагына көрктөндүрүү үчүн берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин айыл чарбасы жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ленин айылдык округунун кеңешинин төрагасы: |
Н. Матанов
|