Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29- июну № 28\7
ОсОО «НУР Телеком» уюлдук байланышын орнотуу үчүн жер ажыратып берүу жөнүндө.
Ленин айыл өкмөтүнүн элинин кызыкчылыгы үчүн уюлдук байланышын кеңейтүү, жакшыртуу жана өнүктүрүү үчүн «О» уюлдук байланышы менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997/3 токтому менен бекиткен айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана таштак ынгайсыз жерлерди өздөштүрүү үчүн берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун негизинде ,Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-статьясына таянып
Ленин айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын Барчындын жонунан, «Мегаком» базалык станциясынын жанынан 12 м (3x4) айыл чарбасына жараксыз жерден жер аянты ижарага ОсОО «НУР Телеком» «О» уюлдук байланаштын базалык станциясын курууга жана орнотууга ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылган жердин чек арасын тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси ААрзыбековко милдеттендирилсин.
3. Ижарага берилген жер аянтын максаттуу пайдалануу жана тиешелүү салыктарды өз убагында төлөп туруу жагы ижарага алган ОсОО «НУР Телеком» «О» уюлдук компаниясына милдеттендирилсин.
4. ОсОО «НУР Телеком» «О» уюлдук компаниясына берилген жер аянтынын юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан жана Алай райондук архитектура башкармалыгынан суралсын.
Ленин айылдык округунун кеңешинин төрагасы: |
Н. Матанов
|