Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28- сентябры № 29\1
«Ленин айылдык округунун Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын көмөкчү чарбасынан сатылган малдардан түшкөн атайын каражатты иштетүү жөнүндө».
Ленин айылдык округунун Б.Арзиева балдар бакчасынын башчысы Ш Алдашованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык округунун Б.Арзиева балдар бакчасынын башчысы Ш. Алдашованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын көмөкчү чарбасынан 2(эки) баш 1,5 жаштагы торпокторду сатуу боюнча комиссия түзүлсүн.
3. Атайын каражаттын планы көбөйгөндүгүнө байланыштуу төмөндөгү статьяларга отургузулсун:
Раздел-709 ст.22152100 30000 сомго көбөйтүлсүн.
ст.22181100 20000 сомго көбөйтүлсүн.
4. Көмөкчү чарбанын малдарын саткандан түшкөн акча каражатын керектүү статьяларга отургузуу жана аны көзөмөлгө алуу жагы айыл округунун ФЭБ башчысы Б.Мамановко жүктөлсүн.
5. Сметага өзгөртүү киргизүүгө уруксат берүу жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл округунун боюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл округунун башчысы А.Салиевке милдеттендирилсин.
Ленин айылдык округунун кеңешинин төрагасы: |
Н. Матанов
|