Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27- декабры № 1/8
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы Б.Арзиева жана «Жоогазын» балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын жана иштеген кызматкерлердин мүчөлүк акыларын жогорулатуу жөнүндө.
Б.Арзиева жана «Жоогазын» балдар бакчаларьшда тарбияланып жаткан ата-энелердин жана бакчада иштеген кызматкерлердин чогулушунун протоколунун негизинде балдар бакчаларынын башчылары Ш.Алдашова жана М.Асанованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Б.Арзиева жана «Жоогазын» балдар бакчаларында тарбияланып жаткан ата-энелердин жана бакчада иштеген кызматкерлердин чогулушунун протоколунун, балдар бакчаларынын башчылары Ш.Алдашова жана М.Асанованын билдирүүсүн негизинде бакчада тарбияланып жаткан балдардын мүчөлүк акысы ай сайын 200 сомго ,балдар бакчада иштеген кызматкерлердин мүчөлүк акысы ай сайын 250 сомго белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл округунун боюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл округунун башчысы А.Салиевке милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Жоробеков
|