Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июну № 27/1
Жошолу айыл округунун айылдарынын селге жакын жайгашкан элдүү пункуттарды селден сактоо, жер көчкүдөн тосулуп калган жолдорду тазалоо жөнүндө.
Жошолу айыл округунун Аюу-Тапан айылындагы таза суу системасын сактоо боюнча жана Жаңы-Турмуш, Кызыл-Булак, Осовиахим айылдарын элдүү пункуттарды селден сактоо жөнүндө айыл башчыларды жана айылдык кеңештин депутатарынын билдирүүлөрүн эске алып келүүчү селге габион сетка менен дамба которуу максатында КРнын ОКМинен сурануу максатында Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл округуна караштуу Аюу-Тапан участкасындагы таза суунун системасын селден коргоо максатында 100 метр жерге дамба көтөрүп ,габион сеткаларды байлоо максатында КРнын ОКМ инен суралсын.
2. Жошолу айыл округунун Осовиахим айылындагы 380 га чөп чабынды жана калкка үлүшкө берилген жерлерди жер көчкүдөн тосулуп калган жолду тазалоо максатында КРнын ОКМинен суралсын .
3. Жошолу айыл округунун Жаңы-Турмуш айылынын Орукту жылгасынан түшкөн сайына келген селге каршы габион сетка менен дамба көтөрүү иштерин жүргүзүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын ОКМинен суралсын.
4. Кызыл-Булак айылындагы ички чарбалык жолду селден тосуу жана элдүү пункуттарды сактоо максатында 70 метр селдин нугун тазалап дамба которуу максаты максатында КР нын ОКМинен суралсын .
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айылдык кенештин коммуналдык чарбалар жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун ОКТЖКЧ боюнча башкы адиси Б. Кебекбаевке жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Алдашев
|