Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 06-июлу № 28/1
(Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Тапан айылынын Дара жайлоосунда жайлаган малдардын арасынан чыккан жугуштуу деп аталган оорунун өрчүп кеткендигине байланыштуу элдин кооптонууларын эске алып, Жошолу айыл өкмөтүнүн Кеңешинин заседаниеси)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Тапан жайлоосунда жайлаган малдар арасынан чыккан ветеринардык жугуштуу оорулардын алдын алуу, ага бөгөт коюу жана коңшу жайлоолорго, башка аймактарга өткөрбөө максатында тийиштүү участокко карантин коюу жагы уюштурулсун.
2. Адам өмүрүнө коркунучтуу кутурма жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн Аюу-Тапан жайлоосунда жайлаган малдарга бардык түрүнө эмдөөлөр жүргүзүлсүн.
3. Жайлоо ичинде ар кандай себептер менен мерт болгон малдардын баш мүчөлөрү лабораториялык анализдөөгө жеткирилсин.
4. Жайлоодо болуп жаткан элдердин кооптонууларын жана жалпы кырдаалды эске алып ыкчам аракеттерди көрүү менен райондук администрацияга, райондук ветеринардык башкармалыгына, санитардык эпидемиологиялык башкармалыгына жана башка тийиштүү мекемелерге билдирилсин жана жардам суралсын.
5. Айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин депуттардан, вет адистерден, медицина кызматкерлеринен ошондой эле аппараттын тиешелүү адистеринен комиссия курамы түзүлүп, эл арасында жугуштуу оорулардан сактануу, алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн, жалпы кырдаал көзөмөлгө алынсын.
6. Айыл өкмөтүнүн аймагында таза суу системасынан жалпы калк суу менен камсыз болуп жатканына байланыштуу ИСКАКБ «Пакиза Суунун» төрагасы жана кызматкерлери таза сууну лабораториядан өткөрүп туруу менен таза суу системасы сакталуучу кампаны суу берилүү участоктор кылдат көзөмөлгө алынсын.
7. Кутурма жана жугуштуу деп аталган бул ооруга иш чаралар натыйжалуу аткарылбай жаткандыктан тиешелүү адистерге чара көрүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы вет адистерге, айыл башчыларга, медицина кызматкерлерине жана айылдык округдун башчысына милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Алдашев
|