Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-июлу № 29/1
Жошолу айылдык округундагы мектептердин окуу тарбия иштеринин абалы-олимпиадалык көрсөткүчтөрү ошондой эле мектеп жетекчилеринин инвестиция менен иштөөлөрү жөнүндө.
Жошолу айыл өкмөтүнүн Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде билим берүүнүн сапатын жакшыртууда, окуучулардын сабакка катышууларын толук камсыздоодо ошондой эле башка уюштуруучулук тарбиялык багыттагы иштерди жүргүзүүдө бир катар кемчилдиктердин орун алгандыгы белгиленсин .
2. Маалыматта белгиленген кемчилдиктерди орун алышына жол койгон мектеп директорлору 2012-жылдын 10-майына чейин айыл өкмөткө иш-чара түзүп, билдирүү берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Окуучулардын шашке тамагын берүүдө санитардык эрежелердин негизинде иш алып баруу, бөлмөлөрдү жууп тазалоо зыянсыздандыруу каражаттарды колдонуу өрт өчүрүүчү шаймандар менен камсыздоо, электр тогун өткөрүүчү зымдарды калыбына келтирүү иштерин жөнгө салуу мектеп директорлоруна жана завхоздорго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Абдрахмановго жана жооптуу катчы А.Абдиевага милдеттендирилсин
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Алдашев
|