Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-июлу № 29/3
Жошолу айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин тактоо инвентаризациялоо жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык округунун кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде ижарага берүү, берилген жерлерди максаттуу пайдалануу, анын төлөмдөрүн өндүрүү боюнча жер адистеринин жүргүзүп жаткан иштери кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Айылдык Кеңеште кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери өлчөнүп такталып 5 жылга чейинки мөөнөттөн кем эмес берилип, ижара төлөмдөрү өз убагында төгүлүшүн камсыз кылуу жер адиси Топчубаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун башчысынын орун басары Т.Абдрахмановго жана айылдык кеңештин жер, турак жай жана курулуш боюнча туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Алдашев
|