Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-июлу № 29/5
Жошолу айыл өкмөтүндө катталган жугуштуу деп аталган кутурма оорусун алдын алуу жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан жайлоосундагы Ачык Кашка Суу жайытына кутурма оорусу боюнча чектөөлөр коюлсун.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында кутурма оорусунун таркап кетүүсүнө жол бербөө чараларын көрүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Кутурма оорусунун алдын алуу жана таркатпоо боюнча иш чаралар түзүлсүн.
4. Аюу-Тапан айылындагы Ачык Кашка Суу жайлоосундагы кутурма оорсуна күмөндөр болгон карышкыр менен тыгыз байланышта болгон айыл чарба малдарын, уй айбандарына жана адамдарга атайын эмдөөөлөрдү жүргүзүү жагы вет адисттерге, эмкананын башчысы Н.Отоловага жана айыл башчысына милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Алдашев
|