Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-июлу № 29-6-5
Жошолу айылдык округуна караштуу № 19 Курманжан датка атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн даярдалган долбоорун кароо жөнүндө
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 19 Курманжан датка атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жазылган түрткү берүүчү гранттын долбоору мектептин абалынын өтө начарлыгына байланыштуу туура деп табылсын.
2. № 19 Курманжан датка атындагы орто мектебинин капиталдык ремонту үчүн 181636 сомдук каражатты болуп берүү жана анын 50% тин - 90818 сомун накталай акча түрүндө, 50% тин -90818 сомун жумушчу күчү түрүндөгү каражатты өздүк кирешенин эсебинен болуп берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Капиталдык ремонтко керектелүүчү төлөмдөрдүн келишимге ылайык өз убагында төлөө жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Абдрахмановго жана айылдык кеңештин социалдык обьектилер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Алдашев
|