Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-июлу № 29-6-6
Жошолу айылдык округуна караштуу № 46 Аматжан Бейшеев атындагы негизги мектебине кошумча корпус (ашкана) куруу үчүн түрткү берүүчү гранттан өткөрүү боюнча долбоорду кароо жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 46 Аматжан Бейшеев атындагы негизги мектебине кошумча корпус (ашкана) куруу үчүн түрткү берүүчү гранттын долбоору мектептин материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн долбоор жазылганы туура деп табылсын.
2. № 46 Аматжан Бейшеев атындагы негизги мектебине кошумча корпус (ашкана) куруу үчүн 187 1763 сом керектелет. Анын өздүк салымы 93,6 миң сом түзөт, ал эми 50,0 миң сом акча (53,4 %) накталай түрүндө төгүлөт. Ал эми 43,6 миң сомун же 46,6 % айыл округ тарабынан өздүк кирешесинин эсебинен болуп берүү жагы Жошолу айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Кошумча корпус (ашкана) керектелүүчү төлөмдөрдү келишимге ылайык өз убагында төлөп берүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Абдрахмановго жана айылдык кеңештин социалдык обьектилер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Алдашев
|