Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-августу № 30/1
Гранттык каражаттарды бөлүштүрүү үчүн жеке ветеринардык талапкерлерди тандап алуу менен аларды бекитүү жөнүндө
Гранттык каражаттарды бөлүштүрүү боюнча айылдык округдарда малдын ден соолугун коргоо жагынан жеке ишкердик кылып ветеринардык адистерди тандоо жана бекитүү аларга акысыз ветеринардык жабдууларды бөлүштүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана миллиорация министрлигинин 2012-жылдын 23-июлундагы № 205 буйругун карап чыгып талкуулап Жошолу айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын айыл чарба жана миллиорация министрлигинин 2012-жылдын 23-июлундагы № 205 буйругу менен бекитилген Гранттык каражаттарды жеке ветеринардык адистерге бөлүштүрүү жөнүндөгү буйругу жактыруу менен аткарууга алынсын.
2. КРнын айыл чарба жана миллиорация министрлиги бекиткен жобого ылайык айылдык округда иштелип чыгарылган жобонун негизинде Жошолу айылдык округунда патенциалдуу жеке ветеринардык адистер калктуу конуштарды эске алуу менен тандалып, алардын тизмеси бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Гранттык каражаттар башкача айтканда ветеринардык жабдыктар, шаймандар, препараттар тандалган жеке ветеринардык адистерге акысыз расмий түрдө берилүү жагы эске алынсын.
4. Райондук мамлекеттик ветеринариялык башкармалык, жергиликтүү кеңеш, жайыт комитети жана бекитилген жеке ветеринардык адистер менен жалпы жобого ылайык төрт тараптуу келишимдер түзүшүп, тандалган жеке ветеринардык адистерден жазуу жүзүндө макулдук алынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык округдун башчысынын орун басары Т.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Алдашев
|