Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-августу № 30/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылындагы Жал -Камыш участкасындагы ички чарбалык көпүрөнү жана жашоочулардын турак жайларын сел ташкынынан сактоо максатында
Жошолу айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылындагы Жал-Камыш участкасындагы ички чарбалык көпүрөнү, баруучу автожолду жана айылдын жашоочуларынын турак жайларын кыш мезгилиндеги жааган оор кардын жана жазгы нөшөр жаандын кесепетинен сел алып кетүүсүн сактоо максатында, айыл башчы Эрмаматов Н жана айылдык кеңештин депутаты С.Атабаеванын билдирүүсүн эске алып, Коммунизм айылындагы Жал-Камыш участкасынын ички чарбалык көпүрөнү, тургундарынын турак жайын жана автожолду коргоо максатында Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылындагы Жал-Камыш участкасындагы ички чарбалык көпүрөнү, айыл жашоочуларынын турак жайларын жана автожолду сактоо максатында дамба көтөрүү жана тазалоо иштери, габион сетка берүү жагы Кыргыз Республикасынын ОКМнен суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин коммуналдык чарбалар жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Алдашев
|