Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-августу № 30/3
Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылындагы ички чарбалык Жошолу дарыясынан өтүүчү көпүрөнү сел ташкынынан сактоо максатында
Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылындагы ички чарбалык көпүрөнү, баруучу автожолду кыш мезгилиндеги жааган оор кардын жана жазгы нөшөр жаандын кесепетинен сел алып кетүүсүн сактоо максатында, айыл башчы Кыдыров Н жана айылдык кеңештин депутаты А.Акановдун билдирүүсүн эске алып Миязды айылындагы ички чарбалык көпүрөнү жана автожолду коргоо максатында Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылындагы ички чарбалык көпүрөнү жана автожолду сактоо максатында дамба көтөрүү жана тазалоо иштери, габион сетка берүү жагы Кыргыз Республикасынын ОКМнен суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин коммуналдык чарбалар жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Алдашев
|