Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры №XXIX-4
С.Алимбаев көчөсүндөгү №40-42-44 үйлөрүнүн жашоочуларынын көчөдөгү машиналардын бир багытта жүрүүсүн иретке келтирүү жана кир сууларды (помой) төгүүчү чункурча казып берүү тууралуу жазган арыздары жөнүндө.
Ноокат шаарындагы С.Алимбаев атындагы көчөнүн жашоочуларынын 2012-жылдын 25-сентябрындагы көчөдөгү машиналардын бир багытта жүрүүсүн иретке келтирүү жана кир сууларды (помой) төгүүчү чункурча казып берүү тууралуу жазган кайрылуусун талкуулап,
депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарындагы С.Алимбаев атындагы көчөдөгү машиналардын бир багытта жүрүүсүн камсыз кылууга жардам берүү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнөн МАИ бөлүмчөсүнөн суралсын.
2. Ноокат шаарындагы № 40-42-44 үйлөрдүн кир сууларын (помой) төгүүчү чункурча казыпберүү жагы Ноокат шаарынын муниципиалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешининалдындагы бюджет, экономика, финансалык маселелер жана өнөр жай, курулуш,транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык, маселелер боюнчатуруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|