Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры №XXIX-5
Баткен жана башка локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын 2012-жылдын 24-августундагы №182 Ноокат шаарынын борбордук эс алуу жайынан Ата Мекенди коргоодо 1999-2000-жылдары Баткен согушунда курман болгондорго эстелик орнотууга жер ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусу тууралуу.
1.Баткен жана башка локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын 2012- жылдын 24- августундагы №182 Ноокат шаарынын борбордук эс алуу жайынан Ата Мекенди коргоо 1999-2000-жылдары Баткен согушунда курман болгондорго эстелик орнотууга жер ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусун талкуулап, депутаттардын Ноокат шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Баткен жана башка локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын 2012-жылдын 24-августундагы №182 Ноокат шаарынын борбордук эс алуу жайынан Ата Мекенди коргоодо 1999-2000-жылдары Баткен согушунда курман болгондорго эстелик орнотууга Н.Исанов атындагы эс алуу паркынан 16 метр квадрат жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Ажыратылган жер аянтынан тийиштүү документтерин даярдоо Ноокат шаарынын муниципиалдык менчик башкармасына милдеттендирилсин жана аны каттоо Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо департаментинен суралсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы бюджет, экономика, финансалык маселелер жана өнөр жай курүлуш транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык, маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|