Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры №XXIX-7
Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын өзгөртүүлөрү менен такталган бюджетин бекитүү жөнүндө
Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттердеги кошумча кирешелерди жана бюджеттик аткаруу процессинде жүргүзүлгөн чыгымдардан үнөмдөлгөн сумманы паидалануу тартиби боюнча Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын өзгөртүүлөрү менен такталган бюджетин бекитүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө 1998-жылдын 11-июнундагы №78 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" 2003-жылдын 23-сентябрындагы №215 Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ноокат шаардык кеңешинин 2012-жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын киреше жана чыгашасы 900 миң сом эсебинде бекитилсин.
2. Ноокат шаардык мэриясынын борбордук айлампага "Эл достугу" темасындагы архитектуралык монументалдык композициянын долбоорунун өзгөргөндүгүнө байпаныштуу 2012-жыл ичинде ашыкча тушкен кирешенин эсебинен кошумча 900,0 миң сом ажыратып берилсин.
3. Ушул ажыратылган акча каражатын мыйзамдуу иштетуу жагы Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ болумуно тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы билим беруу , саламатыкты сактоо, бюджет, экономика финансалык маселелер жана өнөржай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|