Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры №XXIX-8
Ноокат шаардык мэриясынын имаратын башка имаратка алмаштыруу же жеке ишкерлер тарабынан келишимдин негизинде жаны имарат салуу жөнүндө.
Ноокат шаар мэриясынын имараты эскирип, жараксыз абалга келип калгандыктан, Ноокат шаар башкаруусу мэрия статусун алгандан кийин аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдиги кебейуп, жумушчу кабинеттер жетишсиз болуп.иштеген кызматкерлерге шарттын жоктугунан, андан сырткары мэриянын административдик имараты борбордук базарга жакын болгондуктан аппараттын кызматкерлеринин натыйжалуу иштөөсүнө терс таасирин тийип жаткандыгын эске алып, имаратты башка имаратка алмаштыруу же жеке ишкерлер тарабынан келишимдин негизинде жаны имарат салып берүүсүнө макулдук беруу максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын имараты эскирип, жараксыз абалга келип калгандыктан, Ноокат шаар башкаруусу мэрия статусун алгандан кийин аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдиги көбөйүп, жумушчу кабинеттер жетишсиз болуп, аппараттын кызматерлерине шарттын жоктугунан, андан сырткары мэриянын административдик имараты борбордук базарга жакын болгондуктан, аппараттын кызматкерлеринин натыйжалуу иштөөсүнө терс таасирин тийип жаткандыгын эске алып, имаратты башка имаратка алмаштыруу же жеке ишкерлер тарабынан келишимдин негизинде жаны имарат салып берүүсүнө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы билим берүү, саламатыкты сактоо, бюджет, экономика, финансылык маселелер жана өнөр жай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|