Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры №XXIX-9
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамы мурдагы комиссиянын катчысы , Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармасыгын башчысы А.Шуркурбеков 2012-жылдын 15-июль күнү өлгөндүгүнө байланышпу төмөндөгүчө өзгөртүлсүн.
2. Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдындагы курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
1. Данияр Тажибаев-Комиссиянын төрөгасы Ноокат шаарыньн вице-мэри
2. Исирапил Алибаев- Комиссиянын төрөгасынын орун басарь: Архитектура жана курулуш бөлүмүнүн башчысы ,райондун башкы архитектору.
3. Түгөлбай Мырзаев- Комиссиянын төрөгасынын орун басарь ДЧоокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин башчысы
4. Сонунбүбү Шанабаева- депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин депутаты.
5. Махамадсоли Норматов- Ноокат шаар мэриясынын ФЭБ башчысы.
6. Молдобай Анарбаев- Ноокат санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери.
7. Качалов Замирбек - Ноокат суу каналдар ишканасынын башчысы, депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин депутаты.
8. Гуламов Одилжан- Ноокат райондук ӨКБ нын башчысы.
9. Саланов Кылычбек- Комиссиянын катчысы ,Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармасынын башчысы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, коммунаддык менчик, кичи ишканалар, соода, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комисиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|