Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-ноябры №ХХХ-2
Ноокат суу каналдар ишканасынын сууга жана суу түтүктөрүнө уланган эсептегичи бар абоненттерге 2012-жылдын декабрь айына жана 2013-жылдын январь, февраль айлары үчүн иштетилген суунун төлөмү үчүн төлөм акысына 50 % жеңилдик берүү жөнүндө
Ноокат суу каналдар ишканасынын сууга жана суу түтүктөрүнө уланган эсептегичи бар абоненттерге 2012-жылдын декабрь айына жана 2013-жылдын январь, февраль айлары үчүн иштетилген суунун төлөмү үчүн төлөм акысына 50 % жеңилдик берүү жөнүндөгу маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат суу каналдар ишканасынын сууга жана суу түтүктөрүнө уланган эсептегичи бар абоненттерге 2012-жылдын декабрь айына жана 2013-жылдын январь, февраль айлары үчүн иштетилген суунун төлөмү үчүн төлөм акысына 50 % женилдик берилсин.
2. Ноокат суу каналдар ишканасынын сууга жана суу түтүктөрүнө уланган эсептегичи бар абоненттерге 2012-жылдын декабрь айына жана 2013-жылдын январь, февраль айлары үчүн иштетилген суунун төлөмү үчүн төлөм акысына 50 % жеңилдиктерди, уланган абоненттерге жеткирүү Ноокат суу каналдар ишканасынын жетекчилигине жана маала комитетинин төрагаларына тапшырылсын.
3. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин алдын билим берүү, саламаттыкты сактоо, бюджет, экономика, финансылык маселелер жана өнөр жай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрайымы |
Б. Калдарова
|