Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-ноябры №ХХХ-3
Шаардын аймагындагы үй-бүлөлүк каада-салттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча Жобого ылайык Ноокат шаардык мэриясында алып барылып жаткан иштери жөнүндө.
Шаардын аймагындагы үй-бүлөлүк каада-салттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча Жобого ылайык Ноокат шаардык мэриясында алып барылып жаткан иштери жөнүндөгу маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Ноокат шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын аймагындагы үй-бүлөлүк каада-салттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча Жобога ылайык Ноокат шаардык мэриясында алып барылып жаткан иштери боюнча Ноокат шаардык мэриясынын аялдар кенешинин торайымы Ф.Абдуллаеванын билдируусу эске алынсын.
2. Шаардын аймагындагы үй-булөлүк каада-салттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүүдө улуттук каада-салттарды сактоо менен маарекелерди өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол койбоо, эл ичинде аймактар боюнча көзөмөл жүргүзүү көчө комитеттерине, аялдар, жаштар комитеттерине, аксакалдар сотуна жана аймактык башкаруу уюмдарына (ТОС) башчыларына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык мэриясынын мэри М.З Тешебаевге жүктөлсүн.
Ноокат шаардык кеңешинин төрайымы |
Б. Калдарова
|