Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-марты №XXVI-1
Ноокат шаардык мэриясынын 2010-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылдын шаардык мэриясынын бюджетин бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын 2010-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени Кыртыз Республикасынын "2012-жылга Кыргыз Республикасынын бюджета жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде, Ноокат шаарынын эли менен өткөрүлгөн коомдук угуулардын 2012-жылдын 15-мартындагы №1 протоколу на негиз, Ноокат шаардык мэриясынын 2012-жыл үчүн иштелип чыккан бюджетинин долбоорун, шаардык Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактхю, соода, бюджет, экономика жана финансалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2012-жылдбш 10-мартындагы №3 заседаниесинде тийиштүү мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен каралып такталып, алар тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылга Ноокат шаардык мэриясынын кирешелери жана чыгашалары боюнча бюджета 63447,8 миң сомго, анын ичинен атайын эсеп счету-3464,0 мин сом эсебинде жыл ичиндеги өзгөрүүлөрү менен бекитилсин.
2. 2012-жылга Ноокат шаардык мэриясынын бюджетинин кирешелерин түзүүчү
3. булактары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Ноокат шаардык мэриясынын бюджетин чыгашалары боюнча багыттар №2 тиркемеге ылайык аныкталсын.
5. Ноокат шаардык мэриясынын бюджетинин чыгаша бөлүгүн 2012-жылда түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте негизги статьяларга (эмгек акы, соц.фондго чегерүү, тамак-аш жана социалдык женилдиктерге) каржылануу белгиленсин.
6. Ноокат шаардык мэриясынын 2010-жылдагы бюджетинин кирешелер бөлүгү 43784,8 миң сомго, чыгаша бөлүгү 37072,6 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
7. Шаардык мэриясынын бюджетине республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу гранттардын өлчөмдөрү 2012-жылга билим берүү тармагына гана жумшалсын.
8. Паркты кайра калыбына келтирүүгө, жаштарды жумушка тартуу боюнча өткөрүлгөн иш-чарага шаардын салымы үчүн 50,0 миң сом шаардык мэриясынын субсидия статьясына ажыратылып берилсин жана ушул акча каражатын « Гүлмайдан» коомдук фондуна которуп берүү жагы белгиленсин.
9. Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү бөлүмүна 200, 0 мин сом бекитилсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|