Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-марты №XXVI-4
Ноокат шаардык мэриясынын 2013-2014-жылдарга бюджетинин долбоору жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын 2013-2014-жылдар үчүн иштелип чыккан бюджеттин долбоорун шаардык Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде тийиштүү мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен каралып такталгандыгыңын, элден түшкөн сын-сунуштардын, туруктуу комиссия тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде Депутаттардыи Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-2014-жылдарга Ноокат шаардык мэриясынын бюджетининдолбоорунун кирешелери.жана чыгашалары боюнча 2013-жылга 60417,1 миң сом эсебинде, ал эми 2014-жылга 61017,1 миң сом эсебинде бекитилсин.
2. Элден түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алып, 2013-2014-жылдарга Ноокат шаардык мэриясынын бюджетинин долбоорунун чыгаша бөлүгү түзөтүүлөрдүн негизинде бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардыи Ноокат шаардык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет,экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|