Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-марты №XXVI-5
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармасынын 2012-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө.
Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу кэмиссиясында талкуулап, карап чыгып Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармасынын 2012-жылдагы бюджетин бекитүү боюнча депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык менчик мүлктөрүн сатуудан жана ижарага берүүдөн, салык эмес кирешелерден түшкөн акча-каражаттарынын жалпы көлөмү 2012-жылга 904,0 миң сомго бекитилсин.
2. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармасынын 2012-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 306,0 миң сом эсебинде бекитилсин.
3. Муниципалдык менчик башкармасынын жаңыдан түзүлгөн штаттык тартиби жана 2012-жылдын жылдыгына карата чыгашалар сметасы бекитилсин.
4. Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык менчик мүлктөрүн сатуудан жана ижарага берүүдөн, салык эмес кирешелерден түшкөн акча-каражаттарынын 35%ти муниципалдык менчик башкармасынын ишмердигин алып барууга жумшалсын, ал эми калган 65%шаар мэриясинын негизги эсебине ай сайын которулсун.
5 Ноокат шаар мэриясынын башкы эсепчисине ай сайын муниципалдык менчик башкармасынын финансылык иштери боюнча отчет берип туруу муниципалдык менчик башкармасынын эсепчиси Г.Коконбаевке милдетендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар,экология жана агрардык маседедер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|