Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-марты №XXVI-6
Ноокат шаарынын көчөлөрүндөгү кыймыл аракетти көзөмөлдөөчү муниципалдык МАИ кызматкерлерин каржылоого акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
Ноокат шаарында автоунаалар токтоочу жайлардын жетишсиздигинен, шаардын борбордук көчөлөрүнүн четтерине тартипсиз токтотулган автоунаалар көчөлөрдөгү кыймыл аракетке олуттуу тоскоолдук кылууда. Шаар көчөлөрүндөгү кыймыл аракетти тартипке келтирүү үчүн МАИ кызматкерлеринин жетишсиз болуп жаткандыгын, көчөлөрдөгү кыймыл аракетти тартипке келтирүү боюнча үзгүлтүксүз иш алып баруу максатында шаар башкаруусуна,муниципалдык МАИ кызматкерлеринин эки штаттык бирдигин кармоо учур талабы экендигин эске алып, Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен Ноокат шаардык мэринин түзүлгөн келишиминин жана Ноокат шаардык мэриясынын 2012-жылдын 22-мартындагы № 128 катынын негизинде Ноокат шаардык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын ушул маселе боюнча берген тактамасынын негизинде депуттатардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар башкаруусунун муниципалдык обьекттерин ижарага берүүдөн, түз жана аукциондук сатуудан түшкөн акча каражатынын эсебинен МАИ кызматкерлеринин эки штаттык бирдиги кармалсын, сметага ылайык 412 120 сом акча каражаты бекитилип берилсин.
2. Бекитилген акча каражатын Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн эсеп счетуна которуп беруу жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|