Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-марты №XXVI-7
Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан мектептерде, бала-бакчаларында, мекеме ишканаларында жана көп кабаттуу турак үйлөрдү жылытуу үчүн жылытуу ишканасын ачууга уруксат берүү жөнүндө.
Шаардык мектептердин, бала бакчалардын, көп кабаттуу уйлөрдун, мекеме ишканалардын жылытуу системасын оңдоо, калыбына келтирүү жана мектептерде окуу-тарбияны күчөтүү жана шаардык жылуулук берүүчү ишкана ачуу максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛAT:
1. Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө 1998-жылдын 11-июнундагы №78, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансы-экономикалык» негиздери жөнүндө" 2003-жылдын 25-сентябрындагы №-215 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы бюджеттик мекемелерге, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына жылуулук берүүчү ишкана ачылсын.
2. Ушул ишкананы ачууга уруксат берүү жана бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы |
Б.Калдарова
|